Өзбекстан Кыргызстандан кант, сүт азыктарын жана картошка алууга кызыкдар

Өзбекстан Кыргызстандан кант, сүт азыктарын жана картошка алууга кызыкдар

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү Өзбекстан Республикасынын Тамак-аш өнөр жайы ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Баходир Умиршайхов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда Соода өкүлчүлүгү Кыргызстандын экспорттук потенциалын тааныштырып, агроөнөр жай комплекси жана тамак-аш өнөр жайы тармагындагы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Тамак-аш өнөр жайы ассоциациясы Кыргызстандан кант, сүт азыктары, картошка жана тамак-аш өнөр жайы үчүн чийки заттарды жеткирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда түз ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана тамак-аш өнөр жайы тармагында өнөктөштүктү чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.