Адылбек Касымалиев: Бажы кирешеси 6 эсеге өстү

Адылбек Касымалиев: Бажы кирешеси 6 эсеге өстү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыктоочу коллегиясына катышты.

Жыйында белгиленгендей, 2020-жылы бажы кызматы 28 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы бул көрсөткүч 157,4 млрд сомго жетип, киреше дээрлик 6 эсеге өскөн. МинКаб башчысы мындай өсүшкө "Смарт бажы" улуттук санариптик платформасынын ишке кириши өбөлгө болгонун айтты.

Ошондой эле бажы төлөмдөрү республикалык бюджеттин кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн түзөрү, автоматташтыруунун эсебинен декларациялардын саны штаттык санды көбөйтпөстөн кыйла арткандыгы белгиленди.

Жыйын соңунда Адылбек Касымалиев 2026-жылы бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 млрд сомдук пландын толук аткарылышын жана 2026–2030-жылдарга карата бажы кызматын өнүктүрүү концепциясынын иш-чараларын так жүзөгө ашырууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерге жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө фермерлер тарабынан алынган насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы каралып, алынган малдардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле төө буурчак кабыл алуучу кампага барып, алынган насыя каражаттарынын туура

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Азыркы учур ипотека алуу үчүн эң ылайыктуу мезгил. Мындай пикирин экономист, каржы экосистемасы “Флагмандын” негиздөөчүсү, кредиттөө жана инвестиция боюнча серепчи Эльвира Глухова “Газетой.Ru” басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, азыркы мезилде негизги пайыздык чен жана рыноктук ипотеканын чени төмөндөп, ипотекалык насыялар боюнча үстөк пайыздар да акырындык менен азаюуда. Бүгүнкү күндө турак

Өлкөдө 401 миң  гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

Өлкөдө 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

В Кыргызстан 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөнү Манас шаарында өткөн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылды.  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рустам Балтабаев бул өнөктүк президент тарабынан демилгеленип, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана тоолуу

Бишкекте микрофинансы секторунун өнүгүүсүнө арналган тегерек стол өттү

Бишкекте микрофинансы секторунун өнүгүүсүнө арналган тегерек стол өттү

Бишкек шаарында «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Ага КРнын Улуттук банкынын өкүлдөрү, микрофинансы уюмдары жана тармактык ассоциациялар катышып, сектордун учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. Билдирүугө караганда, жыйындын жүрүшүндө микрофинансы секторундагы актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп,