Бишкекте микрофинансы секторунун өнүгүүсүнө арналган тегерек стол өттү

Бишкекте микрофинансы секторунун өнүгүүсүнө арналган тегерек стол өттү

Бишкек шаарында «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Ага КРнын Улуттук банкынын өкүлдөрү, микрофинансы уюмдары жана тармактык ассоциациялар катышып, сектордун учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Билдирүугө караганда, жыйындын жүрүшүндө микрофинансы секторундагы актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп, рынокту өнүктүрүү, кызматтарды санариптештирүү, керектөөчү насыялар боюнча мыйзамдардын аткарылышы, насыялык маалымат алмашуу жана микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери ортого салынды.

Катышуучулар мындай жолугушуулар жөнгө салуучу орган менен микрофинансы уюмдарынын ортосунда ачык диалог түзүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

💡
Микрофинансылык тегерек стол - Кыргызстандагы микрофинансы секторуна тиешелүү маселелер талкууланган салттуу иш-чара болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media