Ак-Суу районунда туризм мектебин куруу талкууланды

Ак-Суу районунда туризм мектебин куруу талкууланды

Билим берүү министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева Австрия Республикасынын Федералдык финансы министрлигинин өкүлү Михаэль Маттиащиц менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуу 27-январда өткөн онлайн-жолугушуунун уландысы болуп саналат. Онлайн-жолугушууга Австриянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги, ошондой эле Австриянын өнөктөш уюмдары жана билим берүү мекемелери катышкан.

Тараптар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм мектебин түзүү долбоорун талкуулашты. Кыргыз тарап жаңы типтеги мектепти куруу жана өнүктүрүү, ошондой эле тоо туризми тармагында адистерди даярдоо үчүн каржылык жана методикалык колдоо көрсөтүү сунушу менен чыкты.

Михаэль Маттиащиц бул демилгени колдой турганын билдирип, мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин айтты. Ал ошондой эле каржылоо маселелери Австриянын мамлекеттик жана жеке институттары менен талкууланарын кошумчалады.

Өз кезегинде Догдуркүл Кендирбаева мындай долбоорлордун ишке ашырылышы туристтик билим берүүнү өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык кызматташтыкты бекемдей турганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.