АКШ чет өлкөлүк жардамга жаңы чектөөлөрдү киргизди

АКШ чет өлкөлүк жардамга жаңы чектөөлөрдү киргизди

АКШ чет өлкөлүк жардамга жаңы чектөөлөрдү киргизгенин Reuters агенттиги маалымдады. АКШ бийлиги ар түрдүүлүк, тең мүмкүнчүлүк жана инклюзивдүүлүк (diversity, equity, inclusion — DEI) менен байланышкан программаларды, ошондой эле үй-бүлөнү пландаштыруу жана "гендердик идеология" жаатындагы демилгелерди каржылоого тыюу салды.

Бул чектөөлөр 26-февралдан тартып күчүнө кирет. Таасир эте турган каржылоонун жалпы көлөмү болжол менен 30 млрд долларды түзөт.

Чектөөлөр чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдарга (ӨЭУ) да, ошондой эле АКШда жайгашкан уюмдарга да тиешелүү болот. Мында чет өлкөлүк ӨЭУларга, эгерде программалар АКШ администрациясы "радикалдуу идеология" деп эсептеген багыттарга кирсе, америкалык эмес донорлордон алынган каражаттарды да пайдаланууга тыюу салынат.

Эске салсак, Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин кол койгон алгачкы жарлыктарынын бири АКШнын бардык федералдык мекемелеринде социалдык жана гендердик топторду колдоого багытталган программаларды жокко чыгаруу болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерге жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө фермерлер тарабынан алынган насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы каралып, алынган малдардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле төө буурчак кабыл алуучу кампага барып, алынган насыя каражаттарынын туура

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Азыркы учур ипотека алуу үчүн эң ылайыктуу мезгил. Мындай пикирин экономист, каржы экосистемасы “Флагмандын” негиздөөчүсү, кредиттөө жана инвестиция боюнча серепчи Эльвира Глухова “Газетой.Ru” басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, азыркы мезилде негизги пайыздык чен жана рыноктук ипотеканын чени төмөндөп, ипотекалык насыялар боюнча үстөк пайыздар да акырындык менен азаюуда. Бүгүнкү күндө турак

Өлкөдө 401 миң  гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

Өлкөдө 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

В Кыргызстан 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөнү Манас шаарында өткөн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылды.  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рустам Балтабаев бул өнөктүк президент тарабынан демилгеленип, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана тоолуу

Бишкекте микрофинансы секторунун өнүгүүсүнө арналган тегерек стол өттү

Бишкекте микрофинансы секторунун өнүгүүсүнө арналган тегерек стол өттү

Бишкек шаарында «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Ага КРнын Улуттук банкынын өкүлдөрү, микрофинансы уюмдары жана тармактык ассоциациялар катышып, сектордун учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. Билдирүугө караганда, жыйындын жүрүшүндө микрофинансы секторундагы актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп,