Tunduk travel долбоорун ишке киргизүү боюнча документке кол коюлду

Tunduk travel долбоорун ишке киргизүү боюнча документке кол коюлду

Санариптик өнүгүү министрлигинде туристтер үчүн улуттук санариптик платформа болгон Tunduk travel долбоорун ишке киргизүүгө негиз түзгөн негизги документтерге кол коюлду.

Tunduk travel тиркемеси "бирдиктүү терезе" принциби менен иштелип чыгууда. Анын жардамы менен туристтер мамлекеттик жана сервистик кызматтарды, пайдалуу маалыматтарды, ошондой эле бизнес-сервистерге жеткиликтүүлүктү ала алышат. Платформа этап-этабы менен өнүгөт: алгач негизги функциялар ишке киргизилип, андан соң тестирлөө жүргүзүлүп, мүмкүнчүлүктөрү акырындап кеңейтилет.

Долбоордо коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Платформа колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргойт, ведомстволор ортосунда маалыматтардын коопсуз алмашуусун камсыз кылат, ошондой эле туристтерге өзгөчө кырдаалдарда жардам берет.

Колдонуучулар өлкөдө болуу эрежелери, туристтик маршруттар, аба ырайынын шарттары жана жеткиликтүү аймактар тууралуу маалыматты алдын ала ала алышат. Зарыл учурда тез арада шашылыш кызматтар менен байланышууга мүмкүнчүлүк болот.

Ведомстводо белгилешкендей, Tunduk travel — бул бир жолку IT-продукт эмес, узак мөөнөткө багытталган мамлекеттик санариптик экосистема. Ал республиканын туристтик тармагы менен бирге өнүгүп, туризмдин ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана сапатын жогорулатууга багытталган инструментке айланат.

Долбоорду ишке ашыруу туристтин өлкөгө кирген учурдан тартып сапары аяктаганга чейинки жолун жөнөкөйлөтүүгө, туристтик бизнести өнүктүрүүгө жана тармактагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.