Баалуу металлдар рыногу 7 трлн доллар жоготту

Баалуу металлдар рыногу 7 трлн доллар жоготту

Дүйнөлүк баалуу металлдар рыногу буга чейин болуп көрбөгөндөй кескин төмөндөөгө туш болду. Болгону 36 сааттын ичинде бул сектордун жалпы капитализациясы 7 трлн доллардан ашык кыскарды. Эксперттер бул окуяны акыркы ондогон жылдардагы эң ири рыноктук төмөндөө катары баалашуууда деп жазат Bloomberg.

Эң чоң төмөндөө күмүштө катталды. Анын баасы 30%дан ашыкка түшүп, унциясы 85 доллардан ылдый төмөндөдү. Натыйжада бул сегменттин рыноктук баасы болжол менен 1,96 триллион долларга азайды.
Адатта коргоочу актив катары эсептелген алтын да арзандады — анын баасы 13,6%га төмөндөп, унциясы 4,9 миң доллардан ылдый түштү. Бул алтындын жалпы капитализациясынын 5 трлн долларга кыскарышына алып келди.

Кризис платина тобуна кирген башка металлдарды да камтыды.

Платинанын баасы 27,25%га төмөндөп, унциясы 2,1 миң доллардан төмөн деңгээлде бекитилди. Бул металлдын рыноктук жоготуусу 215 миллиард долларды түздү.

Палладий болсо 21,5%га арзандап, унциясы 1,7 миң доллардан төмөн түштү. Натыйжада анын рыноктук наркы болжол менен 85 млрд долларга азайды.

Баалардын кескин өзгөрүшү инвесторлор арасында паника жаратып, дүйнөдөгү ири биржаларда позициялардын массалык түрдө жабылышына алып келди. Аналитиктер бул абалды макроэкономикалык факторлордун жыйындысы менен түшүндүрүшөт, бирок төмөндөөнүн ылдамдыгы заманбап каржы тарыхында теңдеши жок экенин белгилешет.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү