ЕАЭБде электрондук соода үчүн улуттан жогорку эрежелер даярдалып жатат

ЕАЭБде электрондук соода үчүн улуттан жогорку эрежелер даярдалып жатат

Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) электрондук сооданы жөнгө салуучу улуттан жогорку нормативдик актыларды иштеп чыгуу пландалууда. Бул тууралуу радионун түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын интеграцияны өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы маркетплейстерде иш алып барган сатуучулар бир катар көйгөйлөргө туш болушкан. Айрыкча, товарды алуучуларга байланыштуу маселелер жана кошумча нарк салыгын (КНС) төлөө боюнча суроолор жаралган.

2026-жылы ЕАЭБ алкагында электрондук соода аянтчаларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу улуттан жогорку документтерди даярдоо боюнча ири масштабдагы иштер пландалууда.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, учурда ири маркетплейстерди салыктык резидент болууга милдеттендирүү жана товарларды сатууда КНСти өз алдынча төлөп берүүсүн камсыз кылган нормаларды киргизүү маселеси талкууланууда. Тиешелүү актыларга кол коюу 2026-жылдын аягына — 2027-жылдын башына пландалууда.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, КНС товар сатып алуучу тарабынан иш жүзүндө алынган учурда электрондук соода аянтчасы тарабынан төлөнөт. Насирдиновдун айтымында, бул чаралар чек аралык электрондук соодадагы салык салууга байланыштуу учурдагы көйгөйлөрдү жоюуга жана биримдиктин ичинде эсеп-кысап иштерин тартипке салууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.