Кыргызстандыктар "алтындан чыгууга" шашылыш аракет кылып жатышат

Кыргызстандыктар "алтындан чыгууга" шашылыш аракет кылып жатышат

Кыргызстан глобалдык "алтын бороонуна" аралашып калды. Баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда баанын кескин түшүүсүнөн кийин өлкө тургундары үчүн "Кыргызалтын" фирмалык дүкөнүнө массалык түрдө агылып, колдорундагы өлчөмдүү алтын куймаларын сата башташты. Дем алыш күндөрү кезек 100дөн ашык адамга чейин жетти — мындай көрүнүш калкка алтын куймаларын сатуу программасы ишке киргизилгенден бери биринчи жолу катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, адамдар эртелеп келип, кезекке турушкан, айрымдары болсо топ-тобу менен келишкен. Дүрбөлөңгө алтын менен күмүштүн дүйнөлүк бааларынын кескин түшүшү себеп болуп, аналитиктер муну "он жылдагы эң ири кулоо" деп атап жатышат.

Эл аралык каржы платформаларынын маалыматына ылайык, бир нече соода сессиясынын ичинде асыл металлдардын глобалдык рыногу 7 триллион доллардан ашык капитализациясын жоготкон. Бул фьючерстердин ыкчам сатылышы, ири фонддордун кирешени фиксациялоосу жана каржы жөнгө салуучулардын катуу билдирүүлөрүнүн фонунда доллардын бекемделиши менен байланыштуу.

2026-жылдын 2-февралына карата 1 грамм алтынды 15 миң 216 сомдон сатып алышууда, ал эми сатуу баасы 15 миң 429 сомду түзөт; 2 граммдык куйма 29 миң 197 сом кайра сатып алынып, 29 миң 577 сомдон сатылууда.

Бул көрсөткүчтөрдүн фонунда көптөгөн куйма ээлери баа мындан ары да түшүп кетиши мүмкүн деген кооптонуу менен "алтындан чыгууга" алдын ала чечим кабыл алышты. Дүкөн кызматкерлеринин айтымында, адамдардын агымы болгону бир сутканын ичинде бир нече эсеге өскөн. Айрым кардарлар азыр саткан оң, болбосо бир жумада жоготуулар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин ачык айтышууда.

Адистер азырынча бир пикирге келишүүдө: рыноктогу туруксуздук кеминде дагы бир нече жумага созулат. Ошондуктан кыргызстандыктарга рыноктун динамикасын кылдат байкап туруу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.