АКШ лидери Индия Россиянын мунайынан баш тартканын билдирди

АКШ лидери Индия Россиянын  мунайынан баш тартканын билдирди

Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшкөнүн жана ал Россиянын мунайын сатып алуудан баш тартканын Truth соцтармагына жазганын "Азаттык" жарыялады.  

Россия Украинага кол салгандан кийин Индия Батыш санкция киргизген орус газын жана мунайын ири көлөмдө төмөн баа менен сатып ала баштаган.

"Ал россиялык мунайды сатып алуудан баш тартууга жана АКШдан, балким, Венесуэладан көбүрөөк сатып алууга макул болду. Бул Украинадагы жума сайын миңдей киши өлүп, так ушул маалда жүрүп жаткан согушту токтотууга көмөктөшөт", - деп жазды Трамп.

Ал ошондой эле АКШ Индия менен жаңы соода келишимин түзүүнү макулдашканын билдирди. Ага ылайык, индиялык товарлардын экспорттук тарифи 25%дан 18%га чейин төмөндөтүлөт. Трамптын сөзүнө караганда, ошол эле учурда Индия бул келишим алкагында АКШдан 500 млрд доллардан ашык акчага товар сатып алат.


2025-жылы августта АКШ Индиядан импорттолчу товарларга кошумча 25% тариф киргизген. Буга Индиянын Россиядан түз жана кыйыр түрдө мунай сатып алып жатканы себеп болгон. Мындан кийин тариф ставкасы 50%га жогорулаган, анткени ага чейин эле АКШ менен Индиянын өз ара төлөмдөрү 25% болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.