Батыш санкцияларына кирген кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти

Батыш санкцияларына кирген кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти

Министрлер Кабинети Европа Биримдиги Москвага каршы чаралардын алкагында Кыргызстанга да санкция киргизүүнү караштырып жатканы жөнүндө маалыматтарга комментарий берип, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү демилгелегенин "Азаттык" жазды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда: " Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан менен бул боюнча видео байланыш аркылуу сүйлөшүү болгону жатат. Азыр бир басылманын эле маалыматы чыкты да, ал расмий маалымат эмес, далили же башка нерсеси жок. Анүстүнө, биз кайсы бир курал-жарак же башка ушул сыяктуу товарларды экспорттоого чектөө койгонбуз. Ошондуктан бизде мындай маселе болушу мүмкүн эмес... Эгер алар кандайдыр бир чара колдонсо ушул мамлекеттерге “Кыргызстанга мобу жабдууларды сатпагыла” деген сунуштама бериши мүмкүн. “Кыргызстанга санкция салабыз, аны менен иштешпегиле” деген сөз жок”, – деди ал.

Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция киргизүүнү караштырып жатканын америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазган.

Банктарды жана соода фирмаларын кошкондо соңку эсепте Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илешкен кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти.

Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.

Президент Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.