Кытай компаниялары Кыргызстан шаарларын санариптештирүүнү инвестициялайт

Кытай компаниялары Кыргызстан шаарларын санариптештирүүнү инвестициялайт

Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Shanghai Minghou Xufu Business Consulting Management Co., Ltd. жана Anté Lingkun (Shanghai) Technology Co., Ltd. компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда санариптештирүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана шаардык, социалдык инфраструктураны модернизациялоого багытталган конкреттүү инвестициялык долбоорлор талкууланды. Анын ичинде Токмок шаарын өнүктүрүүгө байланышкан демилгелер да каралды. Тактап айтканда, төмөнкү долбоорлор сунушталды:

  • "Глобалдык экологиялык шаар" долбоору — экологиялык жактан таза жана интеллектуалдык технологияларды, анын ичинде инфраструктураны башкаруунун санариптик системаларын колдонуу менен туруктуу шаардык чөйрөнү түзүүнү көздөйт;
  • "Санариптик инновациялык электрондук соода платформасы" долбоору — бизнес-процесстерди жана сооданы интеграциялоо үчүн заманбап электрондук жана сервистик экосистеманы түзүүгө багытталган;
  • "Интеллектуалдык шаардык коомдук транспорт системасы" долбоору — транспорттук инфраструктуранын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында санариптик чечимдерди киргизүүнү карайт;
  • "Акылдуу медициналык шаарлар" долбоору — санариптик технологияларды, телемедицинаны жана интеллектуалдык башкаруу системаларын колдонуу менен заманбап медициналык-сервистик кластерлерди түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.