Кытайдын мурдагы юстиция министри коррупция боюнча айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылды

Кытайдын мурдагы юстиция министри коррупция боюнча айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылды

Кытайдын мурдагы юстиция министри Тан Ицзюнь ири коррупциялык айып менен күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылганын 2-февралда мамлекеттик CCTV телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот Тан Ицзюнь 2006-жылдан 2022-жылга чейин мыйзамсыз түрдө 137 млн юандан ашуун (болжол менен 19,7 млн доллар) мүлк жана акча каражаттарын коррупциялык жол менен алганын аныктаган.

Соттун чечими менен Тан Ицзюнь өмүр бою саясий укуктарынан ажыратылып, анын бардык жеке мүлкү конфискацияланган.

64 жаштагы Ицзюнь эмгек жолун Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясында баштаган. Ал бул аймакта 30 жылдан ашуун иштеп, Компартиянын облустук комитетинин төрага орун басарына чейин көтөрүлгөн. Кийинчерээк Ляонин провинциясынын губернатору болуп иштеп, 2020-жылы юстиция министри болуп дайындалган.

Тан Ицзюнга 2024-жылдын апрелинде "тартипти жана мыйзамды олуттуу бузган" деген шек менен тергөө иши ачылган. Бул термин Кытайда адатта коррупциялык кылмыштарга карата колдонулат. Ошол эле жылы ал Кытай Компартиясынын катарынан чыгарылган.

Өткөн дем алыш күндөрү Кытайдын коррупцияга каршы көзөмөл органы Өзгөчө кырдаалдар министри Ван Сянсинин тергөө иши башталганын да кабарлады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.