Россия 1-сентябрдан тарта өлкөдөн рубль, алтын чыгарууга атайын чек коет

Россия 1-сентябрдан тарта өлкөдөн рубль, алтын чыгарууга атайын чек коет

Россиянын бийлиги 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып накталай рублдерди жана куйма түрүндөгү алтынды өлкөдөн алып чыгууга чектөө киргизүүнү пландап жатканын  "Интерфакс" агенттиги маалымдады.

Документке ылайык, жеке адамдарга ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө учурдагы курс боюнча 10 миң доллардан ашкан накталай рублдерди алып чыгууга тыюу салынат.

Мында эл аралык аэропорттор өзгөчө учур катары каралат. Бирок бул учурда жарандар бажы органдарына милдеттүү түрдө билдирүү бериши керек. Билдирүүдө каражаттын келип чыгышы жана аны пайдалануунун максаты көрсөтүлүүгө тийиш.

Эгерде сумма 100 миң доллар көлөмдөн ашса, бажы органдары акчанын мыйзамдуу экенин тастыктаган расмий документтерди талап кылат.

Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер (ЖИ) үчүн бажы төлөмсүз алып чыгуу боюнча чектөө каралган эмес. Алар накталай рублдин каалаган көлөмүн эл аралык аэропорттор аркылуу гана жана тиешелүү органдарды милдеттүү түрдө кабардар кылуу шарты менен алып чыга алышат.

Чектөөлөр баалуу металлдар рыногуна да тиешелүү болот. Жеке адамдарга жалпы салмагы 100 граммдан ашкан алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынат.

Алтынды эркин алып чыгууга Шереметьево, Домодедово, Внуково жана Владивосток аэропорттору аркылуу гана, ошондой эле Пробир палатасынан атайын уруксат болгондо жол берилет.

Жаңы талаптар кредиттик уюмдарга тиешелүү эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле