Экономика министри Б5+1 бизнес-форумунун 3 негизги маанисин айтты

Экономика министри Б5+1 бизнес-форумунун 3 негизги маанисин айтты

Бишкек шаарында болуп жаткан Б5+1 форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серхио Гордун, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин делегация башчыларынын катышуусунда басма сөз жыйыны уюштурулду.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Садыков Б5+1 форматы аймактык өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы баскычын чагылдырып, анда бизнес экономикалык өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланып жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө бизнес жөн гана процесстердин катышуучусу эмес, экономикалык реформалардын толук кандуу тең автору болуп калды. Б5+1 форматы Борбор Азиянын ишкерлерине өкмөттөргө жана эл аралык өнөктөштөргө практикалык сунуштарды түздөн-түз айтууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет", — деп баса белгиледи министр.

Ошондой эле ал Б5+1 форумунун Кыргызстан үчүн үч негизги маанисин белгиледи.

Регионалдык кооперацияны чыңдоо.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары барган сайын бири-бири менен тыгыз байланышып жатат. Логистика, соода, энергетика жана санариптик чечимдер макулдашылган ыкмаларды жана биргелешкен аракеттерди талап кылат. Б5+1 форматы аймактык диалогду конкреттүү бизнес-демилгелердин деңгээлине чыгарат.

Ишкердик климатты жакшыртуу.
Бизнес-коомчулуктун сунуштары административдик тоскоолдуктарды азайтууга, чакан жана орто бизнес үчүн каржылык инструменттерди өнүктүрүүгө, рынокторго жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө багытталган. Бул демилгелер Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан учурдагы реформаларга толук шайкеш келет.

Эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү.
АКШнын активдүү катышуусу жана аймактык бизнестин тартылышы инвесторлордун ишенимин бекемдеп, соода, инвестиция жана технологиялардын трансфери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Форумдун негизги сигналы так жана түшүнүктүү: Борбор Азия — бул кызматташтыкка, реформаларга жана эл аралык бизнес үчүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө бай аймак", — деп жыйынтыктады министр Бакыт Садыков.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү