Жаңы Ош базарында баарына орун жетет — Каныбек Туманбаев
Бүгүн соода менен алектенген жеке ишкерлер менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы Ош базарында баарына орун жетерин билдирди.
Анын айтымында, Фучик — Объездной көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан жаңы базарда соодагерлер үчүн да, келген кардарлар үчүн да бардык шарттар түзүлгөн. Базар ар кандай багыттар боюнча блокторго бөлүнөт: азык-түлүк, кийим-кече, техника жана башка товарлар.
"Эч ким көчөдө калбайт, баарына соода кылууга орун берилет. Ижара акысын мамлекетке төлөйсүңөр", — деп белгиледи Каныбек Туманбаев.
Ошондой эле ал соодагерлерди документтерин тартипке келтирүүгө чакырып, "орунду мынча акчага сатып жиберишти" деген ушактарды таратпоого үндөдү.