Бишкекте заманбап жаңы спорт комплекс ачылды

Бишкекте заманбап жаңы спорт комплекс ачылды

Бишкек шаарында Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин базасында курулган жаңы спорттук комплексинин ачылышы болгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Жаңы комплекс спорт, билим берүү жана жаштарды ар тараптуу өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында түзүлгөн. Анын курамына күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, фудкорт, заманбап жатаканалар, конференц-зал жана окуу-машыгуу процесстерин, жыйындарды өткөрүүгө арналган кошумча жайлар кирет.

Күрөш залы заманбап килемдер жана грек-рим, эркин күрөш боюнча машыгууга ылайыкташкан жабдуулар менен камсыздалган. Ошондой эле комплексте машыгуу залдары, адистештирилген спорттук бөлмөлөр жана жалпы дене тарбия үчүн кардиозона каралган. Колледждин аймагында мечит да курулган.

Мындан тышкары, жаңы медициналык блок жана санитардык бөлүм биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана профилактикалык кароолорду жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев жаңы комплекс чемпиондорду гана эмес, ар тараптан өнүккөн жаштарды даярдоочу борбор болорун белгиледи. Анын айтымында, бул объект спортту, билим берүүнү жана саламаттыкты айкалыштырып, жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн бардык шарттарды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү