Сот аткаручуулар кызматы 10 млн сомдон ашык карызды өндүрдү
Ош шаары боюнча Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы "Гранит ЛТД" ЖЧКдан 10 млн 637 миң 455 сом өлчөмүндө карыз өндүрүп алганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өндүрүү Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-сентябрындагы аткаруу барагынын негизинде, Ош шаардык салык кызматынын пайдасына жүргүзүлгөн.
Кызматтын маалыматы боюнча, сумма толук өндүрүлүп, мыйзам менен белгиленген тартипте карыз алуучу тарапка өткөрүлдү.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "Гранит ЛТД" ЖЧКсы 2010-жылдын 25-январында катталган, андан соң 2025-жылдын 4-августунда кайра каттоодон өткөн. Компаниянын түзүүчүсү жана жетекчиси — Абдырахманов Туйгунбек Абдырахманович.