Кыргызстанда 2025-жылы жумушсуздардын саны 25%га кыскарды

Кыргызстанда  2025-жылы жумушсуздардын саны 25%га кыскарды

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жумушсуз жарандардын саны 22%га кыскарганын Эмгек министрлигинин коллегиясында министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди.

Анын айтымында, расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. Бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөн. Тактап айтканда, 2021-жылы — 2,9%, 2022-жылы — 2,8%, 2023-жылы — 2,9%, 2024-жылы — 1,8% болгон.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо 56,5 миң жумушсуз жаран турган, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 20%га аз (70,6 миң адам). Ал эми расмий жумушсуз макамына ээ болгондордун саны 38,1 миң адамды түзүп, бул 2024-жылдагы деңгээлден 22%га төмөн.
Ведомствонун маалыматына ылайык, отчеттук мезгил ичинде 17,5 миң адам жумушка орноштурулуп, дагы 19,8 миң жаран ар кандай иш менен камсыз кылуу программаларына катышкан.

Коллегияда өзгөчө көңүл "Жаштар үчүн стажировка" долбооруна бурулду. Бул долбоор жаш адистердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында 2024–2025-жылдары стажировкадан өткөндөргө ай сайын эмгек акы төлөнгөн. Программа 30 пилоттук район жана шаарда ишке ашырылып, 3 миңге жакын жашты камтыган.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Бишкекте көп функционалдуу шаардык комплекс курулуп жаткан аймакта, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзалдын аймагында 90 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-3) тартылат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек электр тармактары ишканасына барган учурда белгилүү болду. Министр Таалайбек

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

Эгерде 2025-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Президентинин администрациясына келген кайрылуулар 8-9 % азайса, быйыл 1-кварталда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% көбөйдү. Мындай маалыматты  Биринчи радионун түз эфиринде КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун инспектору Жайылбек Дадиев билдирди. Анын айтымында, Президенттин администрациясына келген