АИИБ чакан жана орто бизнес үчүн 50 млн доллар багыттайт
Бишкекте Финансы министрлиги менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы ортосунда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлганын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, тартылган каражаттар "жашыл" жана ресурстарды үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырып жаткан микро, чакан жана орто ишканаларды колдоого багытталат. Аталган долбоорлор төмөнкү максаттарды көздөйт:
- энергия керектөөнү жана операциялык чыгымдарды азайтуу;
- энергияны үнөмдөөчү жабдууларды киргизүү;
- кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү;
- өндүрүш процесстерин модернизациялоо;
- айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди кыскартуу.
Министрликтин белгилөөсүндө, долбоорду ишке ашыруу чакан жана орто бизнестин туруктуу демилгелерине инвестицияларды көбөйтүүгө, ишканалардын технологиялык деңгээлин жогорулатууга, ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.