Былтыр Тажикстандан Кыргызстанга 86 миң турист келген
Тажикстандан Кыргызстанга былтыр 86 миң турист келгенин “Ынтымак Ордодо” өткөн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда айтылды.
Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев туризм тармагындагы кызматташтыктын оң динамикасын белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Тажикстандан келген туристтердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 12 эсеге көбөйдү.
“Кыргыз тарап биргелешкен кыргыз-тажик туристтик долбоорлорун ишке ашырууга, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн жарандар жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү виза киргизүүгө кызыкдар”, - деди Адылбек Касымалиев.