"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады
Борбор калаанын муниципалитети "Сууда сүзүү, заманбап беш түр мелдеш, фехтование, триатлон жана дзюдо боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби “Дельфин” муниципалдык мекемесинде аудит жүргүзгөнүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аудиттин жыйынтыгында каржылык тартиптин бузулушу жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, архив иши жана ички көзөмөл жаатындагы колдонуудагы мыйзам талаптарына туура келбеген учурлар аныкталган.
Жалпы каржылык мыйзам бузуулардын суммасы 8 миллион 880 миң 600 сомду түздү. Аудиттин жүрүшүндө анын ичинен 414 миң 500 сом шаардык бюджетке кайтарылды.
Аудиттин материалдары юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Мэрия тарабынан көзөмөлдү күчөтүү, тобокелдиктерди жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иштер карамагындагы жана райондук бөлүмдөрдө, мекемелерде, ошондой эле муниципалдык ишканаларда туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканы белгиленди.