Экономика министрлиги чет өлкөлүк конокторду тосууга тендер жарыялады
Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу боюнча расмий иш-чараларды уюштуруу кызматтарын сатып алуу үчүн тендер жарыялаганын мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, конокторду тосуп алуу иш-чараларына 3 млн 931,4 миң сом бөлүү пландалууда.
Техникалык тапшырмада төмөнкү талаптар көрсөтүлгөн:
- транспорт каражаттары жана айдоочулар;
- аэропорттон тосуп алуу үчүн чай үстөлү;
- кофе-брейктер, түшкү жана кечки тамактар;
- концерттик программа;
- конференц-залдарды ижарага алуу;
- гүл композициялары жана башка уюштуруу маселелери.
Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 27-февралга чейин кабыл алынат.