Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды
Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу Экономика министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн:
- Эстония менен – 300 % (1,5 млн доллардан 4,5 млн долларга чейин);
- Польша менен – 131,53 % (26 млн доллардан 60,2 млн долларга чейин);
- Германия менен – 323,42 % (79,4 млн доллардан 256,8 млн долларга чейин).
Ведомствонун маалыматына ылайык, өсүш товарларды натуралуу жана баалык көрсөткүчтөрдө көбөйтүүнүн натыйжасы жана керектөө көлөмдөрүнүн кеңейиши, ошондой эле керектелүүчү товарлардын импортун диверсификациялоо менен байланыштуу. Бул товарлар контролдук тизмеге кирбеген кеңири керектелүүчү продукцияны камтыйт.
Ошол эле учурда, Экономика министрлиги белгилегендей, товар жүгүртүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү салыштырмалуу төмөн бойдон калууда.
Ведомствонун маалыматына ылайык, айрым чет элдик маалымат каражаттары тараткандар — "Эстониядан Кыргызстанга экспорт 10 000 %, Финляндиядан – 3 100 %, Польша жана Грециядан – 2 200 % жана 2 100 %, Норвегия, Британия, Германия жана Чехиядан – 1 000 %дан ашык" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.