Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбаларында жылыш болот
Бүгүн Бишкек шаарында "Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк" аттуу форум өттү. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган.
Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана "Агролид" компаниялар тобунун ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.
Аталган форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан үрөн өндүрүүчү фермерлер, кооперативдердин өкүлдөрү, мамлекеттик жана жеке менчик үрөн чарбалары, тармактык жогорку окуу жайлар, эл аралык уюмдар, ошондой эле агрардык тармактагы алдыңкы эл аралык эксперттер катышты.
Форумдун негизги максаты — үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө стратегиялык макам берүү, аны Кыргызстандын айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору катары кароо болгон.
Өзгөчө көңүл сапаттуу үрөн материалынын мааниси тууралуу фермерлердин маалымдуулугун арттырууга, тармакка инвестиция тартууга жана өлкөдө үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө системалуу мамиле калыптандырууга бурулду.