Кытай Кыргызстан чек арасындагы өткөрмө пункттар убактылуу жабылат
Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын убактылуу жабылыш графиги өзгөртүлдү.
Бул өлкөдө Кытай Жаңы жылын майрамдоого байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды жабуу графигине өзгөртүүлөр киргизилгенин Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр төмөнкү эки өткөрмө пунктуна тиешелүү:
- "Иркештам-автожол" өткөрмө пункту 16-февралда саат 22:00дөн тартып 20-февралда саат 08:00гө чейин жабылат;
- "Торугарт-автожол" өткөрмө пункту 16-февралда саат 22:00дөн тартып 20-февралда саат 08:00гө чейин жабылат.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн күндөрү аталган өткөрмө пункттар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.