Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты
МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык потенциалын жогорулатуу, пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана модернизациялоо, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы жаатында практикалык тажрыйба алмашуу жана биргелешкен илимий-изилдөө иш-чараларын кеңейтүү маселелерине бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун конкреттүү долбоорлорун даярдоо жана биргелешкен демилгелердин жол картасын иштеп чыгуу үчүн адистердин жумушчу тобун түзүү жөнүндө макулдашышты. Бул иштин алкагында адистерди алмашуу программаларын иштеп чыгуу, семинарларды уюштуруу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу пландаштырылууда.