Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты
"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады.
Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн.
Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин долбоорлорду каржылоо үчүн пайдаланылган репо-бүтүмдөрүнүн алкагында тартылган каражаттарды жабууга багытталары пландалууда.
Бул бүтүмдө кызыкдар тарап катары МинКаб таанылат, анткени ал "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКынын жалгыз акционери болуп эсептелет.