БШК №13 шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерге 7 млн сом кайтарат
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер болгон 25 жаранга 7 млн сом шайлоо күрөөсүн кайтаруу маселеси каралды.
Чечим БШКнын 13-февралдагы №13 округ боюнча 1-мартка дайындалган кайталап шайлоону жокко чыгаруу тууралуу токтомунун негизинде кабыл алынды.
Кайтаруу кайталап шайлоо жокко чыгарылганына жана 30-ноябрдагы шайлоого катышкан талапкерлер шайланган депутаттар деп таанылганына байланыштуу жүргүзүлүүдө.
"Бул чечим адилеттүүлүктү сактоо зарылдыгы менен түшүндүрүлөт, анткени коомчулукта 300 миң сом өлчөмүндөгү күрөөнүн кайтарылбашы боюнча маселе талкууланууда.
Ошол эле учурда талапкерлер үгүт иштерине жумшаган каражаттары үчүн компенсация каралган эмес. 2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоого катышкан талапкерлер да компенсация алышкан эмес", — деп буга чейин журналисттерге БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирген.
Мыйзамга ылайык, депутаттыкка талапкердин 300 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү кайтарылбай турган болуп эсептелет.