Асыл тукум малды көбөйтүү жайыт деградациясын 5%га азайтат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Ала-Тоо Live түз эфиринде “Агродиалог-2026” агроөнөр жай форуму тууралуу маалымат берип жатып, жайыт деградациясын азайтуунун негизги жолу катары малдын санын эмес, сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, өлкөдө жайыттардын тозушу актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Адистердин эсебине ылайык, жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малды көбөйтүү аркылуу жайыттарга түшкөн жүктү 5%га чейин азайтууга мүмкүн. Башкача айтканда, саны аз, бирок эт жана сүт багытында жогорку көрсөткүчкө ээ мал багуу экономикалык жана экологиялык жактан натыйжалуу.
Бул максатта өлкөгө жогорку сапаттагы асыл тукум породалардын уруктары алынып келинди. Алардын катарында Aberdeen Angus, Simmental жана швед породасы бар. Уруктар ветеринардык жана техникалык адистер аркылуу фермерлерге таратылып, асыл тукум малды көбөйтүү программасынын алкагында консультациялык колдоо көрсөтүлүүдө.
Күз мезгилинен кийин жаңы породалардын өсүү динамикасы жана продуктивдүүлүк көрсөткүчтөрү талданып, долбоордун натыйжалуулугуна баа берилет.