Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форумун өткөрөт.

Форумдун алкагында:

  • 18-февралда "Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чемпиондор мастер-классы";
  • 19-февралда – "Мал чарба тармагы боюнча чемпиондор мастер-классы";
  • 20-февралда – "Кайра иштетүү жана экспорт" багытындагы тематикалык сессиялар өтөт.


Иш-чаралар К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында уюштурулат.


Форумдун негизги максаты – агроөнөр жай тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, чемпион-фермерлердин ийгиликтүү кейстерин бөлүшүү, кайра иштетүү жана экспорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле эл аралык эксперттердин катышуусунда тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулоо.


21-февралда жыйынтыктоочу салтанат Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, "Агродиалог-2026" чемпиондорун сыйлоо аземи жана концерттик программа менен коштолот.


Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, фермерлер, кайра иштетүүчү ишканалар, экспортёрлор, бизнес-ассоциациялар жана ЖМК өкүлдөрү катышат.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.