Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Нарын райондук администрациясы берген маалыматка ылайык 2025-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн.

Кендеги алтын ылгоочу фабрика 2024-жылдын октябрь айында сыноо режиминде иштей баштаган. Ишкана жылына 600 миң тонна кен иштетүүгө жана болжол менен 1,8 тонна алтын өндүрүүгө эсептелген. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 12 млрд сом деп бааланууда.

Солтон-Сары алтын кени Бишкек шаарынан 355 чакырым алыстыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоо кыркасынын түндүк капталында жайгашкан. Кен үч тилкеден турат: Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр. Акыркы тилкени "Кыргызалтын" ААКсы иштетет.

Кендин жалпы болжолдуу алтын запасы 20 тоннага жакын деп бааланат.

Zhong Ji Mining компаниясы Бучук тилкесинде иш жүргүзүү укугун 2009-жылы сатып алган. 2011-жылдан тартып жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы чыгып келишкен. Алардын пикиринде, өндүрүш айлана-чөйрөгө зыян келтирип, мөңгүлөрдүн эришине алып келиши мүмкүн. Ушул себептен улам компания 2019-жылы курулуш иштерин токтоткон. Кийинчерээк иштер кайра жандантылган.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.