Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Solartec World Company S.L.компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Анын ичинде күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймакта тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдү чыгаруучу комбинат куруу маселелери каралды.

Өзгөчө кайра жаралуучу энергия булактары тармагына заманбап технологияларды киргизүү, "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана курулуш материалдарын өндүрүүнү аймакташтыруу маселелерине көңүл бурулду. Компания өкүлдөрү өздөрүнүн технологиялык чечимдерин тааныштырып, Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар долбоорлорду ишке ашыруунун кийинки кадамдарын талкуулашты. Алардын катарына техникалык параметрлерди иштеп чыгуу, объектилерди жайгаштыруу үчүн ылайыктуу аянттарды аныктоо жана инвестициялык келишимдин долбоорун даярдоону баштоо кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Энергетика министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, керектөөчүлөрдүн 9,9%ы электр энергиясы үчүн төлөмдү мурдагыдай эле почта жана касса аркылуу жүргүзүшөт. Кыргызстана Улуттук электр тармактары маалымдагандай, абоненттердин көпчүлүгү мобилдик тиркемелерге жана онлайн-сервистерге өткөн. Бир нече жыл мурда абал башкача болчу: накталай жана кассалык төлөмдөр 60–70%ды түзсө,

Асыл тукум малды көбөйтүү жайыт деградациясын 5%га азайтат

Асыл тукум малды көбөйтүү жайыт деградациясын 5%га азайтат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Ала-Тоо Live түз эфиринде “Агродиалог-2026” агроөнөр жай форуму тууралуу маалымат берип жатып, жайыт деградациясын азайтуунун негизги жолу катары малдын санын эмес, сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө жайыттардын тозушу актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Адистердин

Пенсия, стипендия жана жөлөк пулдар кечиктирилсе айып пул эсептелет

Пенсия, стипендия жана жөлөк пулдар кечиктирилсе айып пул эсептелет

Жогорку Кеңеште сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр каралды. МинКаб иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, пенсияларды, стипендияларды жана жөлөк пулдарды беш күндөн ашык мөөнөткө кечиктирүү үчүн айып пул эсептелет. Тактап айтканда: * Кечиктирилген суммага ар бир күн үчүн 0,

Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстандын “Байтерек” Улуттук башкаруу холдингинин башкармасынын төрагасы Рустам Карагойшин исламдык ипотеканы ишке киргизүү маселеси учурда каралып жатканын Tengrinews.kz маалымат булагына билдирген.   Карагойшиндин айтымында, жергиликтүү жарандардан мындай «каржылык чечимдерге» суроо-талап көп түшүп жатат. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү  киргизүү азырынча эл аралык институттар менен биргеликте изилденүүдө. “Белгилүү болгондой, биздин түзүмдө Отбасы банк