Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди.

Транспорт — 47 771,4 млн сом

Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус жана 120 электробус алынды, 85 кубаттоочу түзмөк орнотулду.

Негизги жол долбоорлору аяктады: Түндүк–Түштүк альтернативалуу унаа жолу, Бишкек–Ош унаа жолунун айрым тилкелери, ошондой эле Түп–Кеген эл аралык багыты ачылды.

Энергетика — 38 402,3 млн сом

500 кВ "Датка" электр берүү линиясы (329,63 км) курулуп, 897 тирөөч, 281 трансформатор жана 35 кВ кубаттуулуктагы 10 трансформатор орнотулду.

500,1 миң "акылдуу" эсептегич ишке киргизилип, ГЭСтердеги 2 гидроагрегат алмаштырылды (кубаттуулук 120 МВтка көбөйдү).

Ысык-Көл, Нарын жана Ош электр тармактары үчүн 719,5 км электр линиясы тартылып, 117 352 эсептөөчү прибор орнотулду.

Суу менен камсыздоо — 23 165,7 млн сом

796 айыл таза ичүүчү суу менен камсыз болду. Анын ичинен 76 айылда иштер толугу менен аяктап, 174 миң адам таза сууга жеткиликтүү болду. Учурда иштер 258 айылда уланууда.

Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу аяктоо алдында турат.

Саламаттык сактоо — 6 597,1 млн сом

Улуттук перинаталдык борбор ачылып, 10 ПЦР-лаборатория жабдылды. Аймактык ооруканалар үчүн тез жардам унаалары жана медициналык жабдуулар сатып алынды.

Айыл чарба жана ирригация — 16 878,3 млн сом

17,7 миң уй жасалма уруктандырылып, болжол менен 10 миң баш төл алынды. 11 000 баш мал сатылып алынып, 7 378 фермерге (934,6 млн сом) колдоо көрсөтүлдү.

12 162 гектар сугат жер модернизацияланып, 17,981 км магистралдык жана 29,717 км чарба ичиндеги каналдар курулду. Жаңы гидропосттор жана жабдуулар орнотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"