Кыргызстанда медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо системасы киргизилип жатат

Кыргызстанда медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо системасы киргизилип жатат

Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо боюнча SAMEDIS системасы киргизилип жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Германиянын өнүктүрүү банкынын өкүлү Индира Молдогазиева жана GITEC-IGIP консалтинг компаниясынын долбоор менеджери Керез Келишова менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Германиянын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Саламаттык сактоо V" сектордук программасынын учурдагы аткарылышын, техникалык коштоону, маалыматтарды жаңыртууну жана системанын медициналык мекемелерде туруктуу иштешин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында жабдууларды тапшыруу аземи өтүп, медициналык мекемелерге иш процессин колдоо жана жабдууларды санариптик эсепке алууну жүргүзүү үчүн 150 принтер жана 1000 картридж берилди.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күндө каралган бардык медициналык мекемелерде кызматкерлер үчүн окутуу тренингдери өткөрүлүп, SAMEDIS системасы ишке киргизилди. Аймактарда медициналык жабдууларды инвентаризациялоо уланууда. Ал эми Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча саламаттык сактоо уюмдары негизги этапты аяктап, маалыматтарды туруктуу жаңыртуу баскычына өтүштү.

Мындан тышкары, маалымат базасы менен иштеген жана киргизилген маалыматтын сапатын көзөмөлдөгөн профилдик бөлүмдөрдүн кызматкерлери кошумча окутулду. Кийинчерээк медициналык жабдууларды эсепке алуу функциясы "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.