Кыргызстанда жаңы токой долбоору ишке ашырылат

Кыргызстанда жаңы токой долбоору ишке ашырылат

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов күн мурун Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар "Экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү" долбоору, концепциясы жана ийгиликтүү ишке ашыруу мөөнөтү талкууланды.

Министрдин орун басары Кыргызстанда токойлорду жакшыртуу аркылуу өлкөнүн жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүү үчүн гана эмес, климаттын өзгөрүшүнө карата аракеттерди көрүү үчүн да стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Бул долбоордун негизги максаты – мөмө-жемиш токойлорун сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу, экосистемалардын туруктуулугун жана айыл калкынын жашоо булактарын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Нарын райондук администрациясы берген маалыматка ылайык 2025-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн. Кендеги алтын ылгоочу фабрика 2024-жылдын октябрь айында сыноо режиминде иштей баштаган. Ишкана жылына 600 миң тонна кен иштетүүгө жана болжол менен 1,8 тонна алтын өндүрүүгө эсептелген. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 12 млрд сом

Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форумун өткөрөт. Форумдун алкагында: * 18-февралда "Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чемпиондор мастер-классы"; * 19-февралда – "Мал чарба тармагы боюнча чемпиондор мастер-классы"; * 20-февралда – "Кайра иштетүү жана экспорт" багытындагы тематикалык сессиялар

Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Адина Самыйбек кызы пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при мелдешинде алтын медаль жеңип алды. Мындай билдирүүнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, КРнын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адина Самыйбек кызы дүйнөлүк Гран-при мелдешинде диск ыргытуу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. Аталган

"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды

"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды

"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында аталган редакциянын имараты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткенин аныктады. Такталгандай, 2010-жылдын январь айында объекттин стратегиялык маанисине карабастан "Баткен таңы" редакциясынын