Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөрүн Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар.

Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми дагы башка облустарда үч борбор курулмакчы.

“Азыр Rest Рoint`тордун жарымы иштеп, жарымы иштебегендиктен, биз Туризмди колдоо фонду менен биргелешип, эксплуатацияга бериле электерин аныктап жатабыз. Подрядчы уюмдар менен каталарын оңдотуп, пайдаланууга берүү чаралары көрүлүүдө. Фонд бул багытта активдүү иштеп жатат. 2030-жылга чейин дагы 11 Restpoint куруу пландалууда. Азыркы иштеп жаткан Restpoint`тордун натыйжалуулугун арттырууга маани берилүүдө”, - деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта

Президенттик шайлоо  2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт-Конституциялык сот

Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн ушундай чечмеледи. Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде же, башкача айтканда, кийинки жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Мекеме мындай чечмелөөнү “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар

Мамлекеттик бажы кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүн РФнын бажы академиясында окууга чакырат

Мамлекеттик бажы кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүн РФнын бажы академиясында окууга чакырат

Мамлекеттик бажы кызматы 2026–2027-окуу жылына карата, КРна бөлүнгөн квоталардын чегинде, Россия бажы академиясына жана анын филиалдарына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялады. Билдирүүгө караганда, окутуу эл аралык кызматташтыктын алкагында, Россия Федерациясынын бюджети тарабынан каржыланат жана төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: “Бажы иши”, “Юриспруденция” жана “Экономика”. Орто жалпы же орто кесиптик билими бар

Былтыр Кыргызстанда жүзүмзарлар аянты 225 гектарга  көбөйгөн

Былтыр Кыргызстанда жүзүмзарлар аянты 225 гектарга көбөйгөн

Кыргызстанда жүзүмзарлардын аянты өсүп жатканын Суу, айыл чарба министрлиги маалымдады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүзүмзарлардын жалпы аянты 2 870 гектарды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 225 гектарга көп. Жалпы түшүм 5 990,1 тоннаны түзүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,5 центнер болду. Тармакты өнүктүрүү максатында Сербиядан жүзүм көчөттөрү алынып келинди. Алар