"Тазалык" муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы 1 миллиондон ашты
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы көбөйүп, учурда 1 миллиондон ашык адамды түзгөнүн Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.
Ишкананын директору Жолдош Чуштуков билдиргендей, 2025-жылы "Тазалык" ишкананын абоненттеринин саны 1 млн 41 миң адамга жетти. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 155 миң адамга көп.
Ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 19 миң 395ке көбөйгөн. 2024-жылы алардын саны 3 миң 287ге аз болчу.
Жолдош Чуштуковдун маалыматына ылайык, азырынча "Тазалык" ишканасынын балансына өткөрүлө элек үч жаңы конуш бар. Алар — "Калыс-Ордо", "Ак-Ордо" жана "ТЭЦ-2" турак жай массивдери. Учурда бул аймактарды жеке компаниялар тейлеп жатат.
Административдик-аймактык реформанын алкагында аталган турак жай массивдери шаар аймагына кошулган.