“Агродиалог-2026”: Эмир Жаманбаев 1 гектардан 80 тоннадай дарбыз алган

“Агродиалог-2026”: Эмир Жаманбаев 1 гектардан 80 тоннадай дарбыз алган

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Агродиалог 2026” форумунда Ысык-Көл районунун Боз-Тери айылынын тургуну Эмир Жаманбаев 1 гектар жерге дарбыздын поларис жана гибриддик визирь сортун эгип, жакшы түшүм алганын билдирди. 

 “Ысык-Көлдө жай кыска болгондуктан биз тунук целлофан пленкалары менен тамчылатып сугаруу системасын колдондук. Целлофан нымдуулукту сактап, отоо чөптөрдүн өсүүсүнө жол бербесе, тамчылатып сугаруу дарбыздын эрте жетилишине шарт түзөт. Ошону менен биз мол түшүмүбүздү эрте жыйнап сата алдык. Кадимки шартта дарбыз өстүргөндөр гектарынан 20-30 тонна түшүм алса, биз колдонгондой технология  менен гектарынан 60-80 тонна түшүм алса болот”,-дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Бүгүн КРнын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумунун жүрүшүндө,  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров депутаттардын жаңы курамы менен тааныштырып, эл өкүлдөрүнун ант берүү аземи болду. Т.Шайназаровдун айтымында, Боршайком 2026-жылдын 13-февралында 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодогу №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, 2025-жылдын 3-декабрындагы №160-токтомун кайра карап, ал токтомду жокко

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы  долбоорлорду  192 млн сомго каржылаган

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы долбоорлорду 192 млн сомго каржылаган

2025-жылы Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы суммасы 365 млн 872 миң сомду түзгөн 89 долбоорду ишке ашырган. Бул тууралуу бүгүн Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев 2026-жылга карата Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине арналган коллегиянын

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 2026-жылдын 1-январына карата 854 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж болгон 9452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын ичинде: • жалгыз бой улгайган жарандар – 3819 адам; • майыптыгы бар адамдар – 2313 адам; • жубайлар – 350 үй-бүлө;

Япония ашкабагынын уругун, экинчи түшүм катары - түрп  өстүргөн фермерлер эмне дейт?

Япония ашкабагынын уругун, экинчи түшүм катары - түрп өстүргөн фермерлер эмне дейт?

Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги уюштурган “Агродиалог-2026” форумунун мастер-классына катышып жаткан фермер, Сокулук районунун Гавриловка айылынын тургуну Айдин Шабданов, Баткендеги Какыр-Келечек кооперативинин жетекчиси Айдулло Саидов өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.  “Бизге япониялык компания келип ашкабактын уругун сээп берет. Биз аны өстүрүп, данектерин кайра Японияга экспорттойбуз. Былтыр 1 гектар жерге