Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом
Ала-Арча паркындагы аркан жолу 21-февралдан тарта иштей баштарын журналисттерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, жогору көтөрүлүүнүн баасы 600 сомду түзөт.
Каныбек Туманбаев аркан жолунун уландысын куруу иштери жакынкы аралыкта башталарын кошумчалады. Жалпысынан капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 млн доллар жумшалганын белгиледи.
Ошондой эле ал май айында беш жылдыздуу мейманкананын инфраструктурасын куруу толугу менен аяктап, ресторан жана бассейн салынарын айтты. "Мындан тышкары, быйыл эки тоонун ортосуна айнек көпүрө салууну пландап жатабыз — бул ири масштабдагы долбоор болот", — деди ал.