Apple компаниясы ачык түстөгү арзан MacBookтарды чыгарат

Apple компаниясы ачык түстөгү арзан MacBookтарды чыгарат

Apple компаниясы iPhone’дун процессору менен жабдылган жана ачык түстөгү корпуска ээ болгон жеткиликтүү баадагы жаңы MacBook чыгарууга даярданып жатканын Bloomberg агенттиги маалымдады.

Жаңылыктын негизги өзгөчөлүгү — кадимки Apple Silicon M-сериясындагы чиптердин ордуна iPhone 16 Pro смартфонунда колдонулган A18 Pro процессорунун пайдаланылышы. Өндүрүмдүүлүк жагынан бул чечим учурдагы MacBook Air моделдеринен төмөн болушу мүмкүн, бирок A18 Pro чипи M1 деңгээлине жакын көрсөткүчтөрдү берет.
Ноутбуктун экраны 13 дюймдан кичине болот деп күтүлүүдө, болжол менен 12,9 дюйм. Корпусу металл бойдон калат. Бааны төмөндөтүү үчүн пластик колдонуу идеясынан компания баш тарткан. Анын ордуна MacBook Pro жана MacBook Air моделдерине салыштырмалуу алюминий корпусту тезирээк жана үнөмдүү ыкма менен өндүрүү технологиясы иштелип чыккан.

MacBookтун баштапкы баасы 699 доллардын түзүшү мүмкүн. Бул базалык MacBook Air моделинин 999 долларлык баасынан кыйла төмөн.

Эгер бул маалыматтар тастыкталса, жаңы MacBook акыркы жылдардагы эң жеткиликтүү баадагы Apple ноутбугу болуп, негизинен студенттерге жана баа менен өндүрүмдүүлүктүн тең салмактуулугун издеген колдонуучуларга багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы өтүп жатат. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка

Кыргызстан жылуулук тармактарын субсидиялоону токтотуу 2033-жылга жылдырылды

Кыргызстан жылуулук тармактарын субсидиялоону токтотуу 2033-жылга жылдырылды

Президент Кыргызстан кол койгон 2026-жылдын 11-февралындагы №39 жарлыкка ылайык, 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 "Отун-энергетика комплекси маселелери жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу мөөнөтүнө байланыштуу болду. Баштапкы редакцияда мамлекеттик субсидиялардан баш тартуу 2028-жылга чейин каралса, жаңы редакцияга ылайык бул мөөнөт 2033-жылга чейин узартылды. Жарлыкта

Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Талас шаарында региондогу чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен көчмө эксперттик жолугушуу өткөрүлүп, анда системалуу тоскоолдуктар талкууланып, 2030-жылга чейинки Чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) өнүктүрүү программасына сунуштар иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Талкуунун негизги багыты жеке менчикти коргоо, административдик бөгөттөрдү жоюу жана бизнестин туруктуу өсүшүнө шарт

Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Күн мурун Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, депутаттар, Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК