Бишкекте "акылдуу", Wi-Fi туташылган прожекторлор орнотулат
Бишкек шаарында заманбап жарыктандыруу технологиялары киргизилип жатат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Bishkek Park соода-оюн-зоок борборунун жанында инновациялык "акылдуу" прожекторлор орнотулуп жатат. Долбоор Project Vision AI компаниясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда.
Орнотуу иштерин Бишкексвет муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз "акылдуу" көчө прожектору орнотулду.
Бул прожекторлор архитектуралык жарыктандыруу, энергияны үнөмдөө жана санариптик инфраструктура функцияларын айкалыштырат. Алар кошумча сервистерди туташтырууга мүмкүнчүлүк берет. Прожекторлор күн панелдеринен, шамал генераторлорунан жана борборлоштурулган электр тармагынан иштей алат, бул алардын энергиялык натыйжалуулугун жана автономдуулугун камсыз кылат.
Ошондой эле Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi туташтырып, жасалма интеллект элементтери бар видеобайкоо камераларын орнотушууда. Алар кийин "Коопсуз шаар" системасына интеграцияланат. Мындан тышкары, электр унааларын кубаттоочу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү да каралган.