Д.Трамп "Тынчтык кеңеши" Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллар бөлөрүн билдирди

Д.Трамп "Тынчтык кеңеши" Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллар бөлөрүн билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп жаңы түзүлгөн "Тынчтык кеңешинин" (Board of Peace) мүчөлөрү согуштан кыйраган Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллар бөлүүгө убада беришкенин билдирди.

Ал кайсы өлкөлөр калыбына келтирүү үчүн каражат бөлөрүн же кайсы мамлекеттер Газадагы кырдаалды турукташтыруу максатында аскер жөнөтөрүн тактаган жок.

Индонезиянын бийлиги 15-февралда Газага гуманитардык жана тынчтык миссиясынын алкагында сегиз миңге чейин аскер жөнөтүлүшү мүмкүн экенин маалымдаган.

БУУ, Дүйнөлүк банк жана Евробиримдиктин эсебинде аймакты толук калыбына келтирүү үчүн 70 млрд доллар талап кылынат. Израилдин эки жылдан ашуун убакытка созулган бомбалоосунан кийин Газа тилкесинде дээрлик бардыгы талкаланган.

"Тынчтык кеңешинин" 20дан ашуун мүчөсүнүн канчасы алгачкы жыйынга катышары белгисиз. Башында бул кеңеш Газадагы согушту токтотууга багытталган механизм катары каралган. Бирок бара-бара ал Трамптын дүйнөлүк кризистерди чечүүгө багытталган кеңири амбициясынын бир бөлүгүнө айланды.

АКШнын Европадагы жана башка аймактардагы көптөгөн өнөктөштөрү бул түзүмдү БУУнун Коопсуздук кеңешине атаандаш органга айланып кетиши мүмкүн деп кооптонуп, кошулуудан баш тартышкан.

"Тынчтык кеңешине" Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери чакырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"