Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы өтүп жатат. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка тааныштырылды.

Тармактагы мыктыларга медалдарды жана 25 миң сомдук сертификаттарды министр Бакыт Төрөбаев ыйгарды.

Бул сыйлыктар айыл чарба өндүрүшүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен эмгекчил дыйкандардын ийгилигин даңазалоо менен бирге, башкаларга дем берүүчү үлгү болуп саналат.

Андан соң чемпион дыйкандар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Талас облусунун Манас районунан келген Талас Муратов өткөн жылы гектарынан 25 тонна калемпир алып, өсүмдүк өстүрүү боюнча чемпион аталды.
Чүй облусунун Жайыл районунун дыйканы Аскар Токушев помидордон гектарына 1200 центнер түшүм алып, рекорддук көрсөткүч жаратты. Москва районунан келген Шамиль Магаза гектарынан 800 центнер сабиз өндүрүп, жеңүүчүлөр катарына кирсе, Баткен облусунун Лейлек районунун дыйканы Сеит Полотов пияздан гектарына 600 центнер түшүм алып, жогорку натыйжа көрсөттү.

Белгилей кетсек, “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы 18–20-февраль күндөрү агрардык университетте өтүп, 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүгү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышат.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"