Фермер 1 гектар жерден 10 тонна алма алган

Фермер 1 гектар жерден 10 тонна алма алган

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан "Агродиалог–2026" форумунда фермер Бектур Жунушалиев 2,5 гектар жердеги мөмө багынан быйыл гектарынан 10 тонна түшүм алганын ортого салды.

Ал заманбап агротехнологияларды колдонуу менен жемиштин сапатын жана түшүмдүүлүгүн жогорулаткан. Бул тажрыйба дыйкандардын өндүрүштүк натыйжалуулугун арттырууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө үлгү болуп эсептелет.

"2,5 гектарга жакын багым бар. Анын жарымынан көбү алма. Калган жеринде алмурут, жүзүм, кокон гилас, өрүк, кара өрүк, шабдаалы, малина, кулпунай жана ар кандай гүлдөр бар. Алмабыздын көбү кызыл, аябай даамдуу – ред делишес сорту. Анан семеренко, голден сортторун да  өстүрөм. Жергиликтүү алманы айланадыгы эл да жакшы баалап, сатып алат. Андыктан алма тигип жакшы бутка турса болот. Бакты аралап жүрүү ден соолукка да пайдалуу",-дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ак илбирсти байкоо турлары өнүгүп жатат

Кыргызстанда ак илбирсти байкоо турлары өнүгүп жатат

Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Индия, Монголия, Кытай жана Пакистанда ак илбирсти байкоо экотуризмдин популярдуу багытына айланды. Ушул тажрыйбадан шыктанган Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan фонду 2023-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын  колдоосу менен "Ак илбирс турлары — жергиликтүү жаратылышты сактоонун ачкычы" аттуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Анын алкагында корук кызматкерлери жана

"Кыргызфармация" дары-дармектерди, жабдыктарды сатып алууда 410 млн сом үнөмдөйт

"Кыргызфармация" дары-дармектерди, жабдыктарды сатып алууда 410 млн сом үнөмдөйт

2026-жылдын башынан тартып "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алып жатат. Жалпысынан 30га жакын аталыштагы дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу каралууда. Бул модель ортомчуларды четтетүүгө, продукциянын эл аралык сапат стандарттарына, анын ичинде

Былтыр "Ала-Арча" жаратылыш паркынын кирешеси 262 млн сомго жеткен

Былтыр "Ала-Арча" жаратылыш паркынын кирешеси 262 млн сомго жеткен

“Ала-Арча” жаратылыш парксынын кирешеси 2020-жылдагы 29 млн сомдон 2025-жылы 262 млн сомго чейин өстү, бул кирешенин дээрлик 9 эсеге өсүшүн көрсөтөт, – деди Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ала-Арча” паркындагы асма жолдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө. Узундугу 1 чакырымды түзгөн асма жол саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире алат жана туристтер үчүн

Бишкекте "акылдуу", Wi-Fi туташылган прожекторлор орнотулат

Бишкекте "акылдуу", Wi-Fi туташылган прожекторлор орнотулат

Бишкек шаарында заманбап жарыктандыруу технологиялары киргизилип жатат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Bishkek Park соода-оюн-зоок борборунун жанында инновациялык "акылдуу" прожекторлор орнотулуп жатат. Долбоор Project Vision AI компаниясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда. Орнотуу иштерин Бишкексвет муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз "акылдуу" көчө прожектору орнотулду.