Япония ашкабагынын уругун, экинчи түшүм катары - түрп өстүргөн фермерлер эмне дейт?

Япония ашкабагынын уругун, экинчи түшүм катары - түрп  өстүргөн фермерлер эмне дейт?

Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги уюштурган “Агродиалог-2026” форумунун мастер-классына катышып жаткан фермер, Сокулук районунун Гавриловка айылынын тургуну Айдин Шабданов, Баткендеги Какыр-Келечек кооперативинин жетекчиси Айдулло Саидов өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

 “Бизге япониялык компания келип ашкабактын уругун сээп берет. Биз аны өстүрүп, данектерин кайра Японияга экспорттойбуз. Былтыр 1 гектар жерге эгилген ашкабактан 250 килограмм урук алдык. Анын бир килограммы 40 доллардан жогору турат. Акыркы жылдары өзүңүздөр байкагандай Кыргызстанда жер топурагына анализ кылуу жакшы жолго коюлуп жатат. Фермер катары мен дагы жерге жер семирткич берүүнүн алдында топуракты анализ кылып, кандай макро, микроэлементтер жетишперин билип алууну сунуштайм”,-дейт ал. 

Кадамжай районунун И.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Келечек кооперативинин жетекчиси Айдулло Саидов былтыр бир эле жерден экинчи түшүмду жакшы алганын ортого салды.

“Биз Министлер Кабинетинин №309 токтомунун негизинде 31 гектар жерди көп жылдык ижарага алганбыз. Аны натыйжалуу пайдалануу максатында буудай жыйналып алынган соң экинчи түшүм катары түрп эккенбиз. Былтыр бул форумга көрүүчү болуп келсем, быйыл чемпион болуп келдим. “Агродиалогдун” дыйкандарга пайдасы бул жерде тажрыйба алмашып, билим алып, жеңилдетилген насыяларды алууга шарт түзүлөт”,-экен деди элеттик фермер. 

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media