Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң көп каражат – 6,6 млрд сом Ош шаарына бөлүнгөн

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң көп каражат – 6,6 млрд сом Ош шаарына бөлүнгөн

2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй көлөмдө каражат бөлүнгөнүн шаар мэриясынын коллегиясынын жыйынында МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирген.

"Биз шаарларга, мисалы, Токмок шаарына 1 млрд сом, Кара-Балта шаарына 1 млрд сом бөлдүк. Ал эми Кыргызстан боюнча эң көп каражат Ош шаарына — 6,6 млрд сом бөлүндү", — деди Касымалиев.

Анын айтымында, 2025-жылы Ош шаарында 9 мектеп жана 9 бала бакча жаңыланып, 7 спорттук объект, 2 маданий объект жана башка курулуштар пайдаланууга берилген. Президенттин тапшырмасы менен Турукташтыруу фондунан 2 млрд 200 млн сом бөлүнүп, анын ичинен 2 млрд сомго 8 негизги көчө оңдолду. Ал эми 200 млн сомго тротуарлар курулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.

Ошону менен бирге, МинКаб төрагасы 2025-жылы түз инвестицияларды тартуу боюнча Ош шаары эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгонун белгиледи.

2025-жылдын январь–сентябрь айларында шаарга тартылган чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1,2 млн долларды түзүп, бул 2024-жылга салыштырмалуу 44,1%га аз болгон.

Анын айтымында, бул жагдай шаардагы инвестициялык климаттын алсыздыгын жана инвестиция тартууда көйгөйлөр бар экенин көрсөтөт.

"Бизнес өкүлдөрү менен иш алып барууда өзгөчө кылдаттык керек. Ашыкча текшерүүлөргө, негизсиз дооматтарга, кирешеге кол салууга, моралдык басым көрсөтүүгө, коркутууга, мүлктү мыйзамсыз басып алууга жана ишкерлик субъекттерине карата ушундай аракеттерге жол берилбеши керек", — деди Касымалиев.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"