Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл “Асыл тукум” программасынын алкагында асыл тукум мал багууга 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3%дык чен менен берилрин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө асыл тукум мал чарбасы статусун алган 180ден ашык чарба бар жана алардын саны жылдан-жылга өсүүдө.

"Белгилей кетсек, биз учурда мал чарбачылыгындагы асыл тукумдуулукка басым жасап жатабыз. Мисалы, айрым чарбалар сүт өндүрүүдө жогорку көрсөткүчкө жетишип, жылына бир уйдан 8 тоннага чейин сүт алышкан. Бул өлкө боюнча рекорддук көрсөткүч. Негизи жөнөкөй уйлардан фермерлер 2,-2,2 тоннага чейин сүт алышат”,- дейт Дүйшеев.

Андан тышкары, ал эт багытында да асыл тукум мал баккан фермерлер ийгиликтерге жетишип, өз кирешелерин арттырып жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле айыл чарба тармагын колдоо багытында мамлекеттик программалар иштеп жаткандыгын өз сөзүндө маалымдады.

“Мамлекеттик колдоо тармагына токтолсок, учурда айыл чарба тармагын колдоо боюнча 7-8 мамлекеттик программа иштеп жатат. Быйыл 8 мамлекеттик колдоо программасы иштеп, тармакка 2 - 6%дык насыялар берилет. Андан тышкары, 2025-жылы мал чарбачылыгын колдоо, асыл тукум мал багууну жайылтуу максатында “Асыл тукум” программасын иштеп чыканбыз. Быйыл да бул программанын алкагында асыл тукум мал багуу багытына 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3%дык чен менен берилмекчи. Негизи асыл тукум статусун алган чарбаларга жер берүү, салык тармагында жеңилдетилген субсидиялар сыяктуу бир катар жеңилдиктер каралган”,- дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"