Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бүгүн Тунгуч театрында Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары, муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышты. бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы беш жылда шаар бюджети үч эсеге өскөнүн белгилеп, 2025-жылы бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылганын айтты.

Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын башчысы Руслан Садырбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында шаардын бюджеттик кирешеси 30,5 млрд сомду түзүп, план 103,8%га аткарылган. Ошондой эле шаардык инфраструктураны колдоо үчүн кошумча 2,9 млрд сом бөлүнгөн.

2026-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сом өлчөмүндө болжолдонууда. Каражаттар жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инженердик тармактарды жакшыртууга, социалдык объектилерди капиталдык оңдоого, райондорду көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталат.

Коомдук угуу учурунда шаар тургундары газдаштыруу, канализация, жол, транспорт жана социалдык объектилер боюнча суроолорун берип, муниципалдык кызматтар тарабынан жооптор берилди. Айтылган сунуштар тиешелүү мекемелерге тапшырма катары жолдонду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын