"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

Күн мурун Бишкекте Кыргызстандын чакан жана орто ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки "ЧОИ-2030" программасынын долбоорун талкуулоого арналган стратегиялык сессия өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага КРнын Экономика жана коммерция министрлиги, БУУӨП, ЕККУ, Евразия өнүктүрүү банкы, эксперттер жана өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Программанын негизги максаты — ишкердикти колдоонун өзүнчө чараларынан бирдиктүү, ачык-айкын жана натыйжалуу улуттук системага өтүү. Бул багытта чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын Консорциуму түзүлгөн.

КР Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков чакан жана орто бизнес өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги таянычы экенин белгилеп, ар бир жаранга бизнес баштоого жана өнүктүрүүгө тең мүмкүнчүлүк түзүү — мамлекеттин приоритети экенин айтты.

Талкуунун жүрүшүндө ишкерлер 5 негизги багыт боюнча сунуштарын беришти:
  • финансылык колдоо (жеңилдетилген кредиттер, кепилдиктер, инвестиция тартуу);
  • аймактарды өнүктүрүү жана экспорт;
  • санариптик трансформация ("ЧОИ Хаб" платформасы);
  • укуктук коргоо жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу;
  • инновациялар жана креативдүү экономика (аялдар ишкердиги, жаштар стартаптары).
Сессиянын жыйынтыгында бардык сунуштар ЧОИни өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки Программасынынакыркы версиясына киргизилери белгиленди. Жарандар жана ишкерлер msb2030.gov.kg сайты аркылуу да программаны талкуулоого катышып, өз сунуштарын бере алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын